Чоң-Алайда сел жүрдү

Бүгүн, 23-июнда саат 07:30 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай айыл аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, катуу жааган жамгырдын кесепетинен "Чак-Тумшук" сугат каналында суунун деңгели көтөрүлүп, Чак–Жаш-Тилек унаа жолунун 4-5 чакырымында сел жүрүп, жол каттамы жабылган.

Жерине Чоң-Алай райондук өрткө каршы бөлүмүнөн ыкчам топ, жол тейлөө кызматынан жүктөгүч тартылган. Учурда бир тараптуу жол каттамы ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан