Чүйдө издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жайыл районунда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Жайыл районунун тургуну арыз менен кайрылып, У.А. аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Жабырлануучу ал 455 миң 820 сомдук курулуш материалдарын алып, ошол бойдон из жашырып кеткенин айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 19-июнда шектүү катары 1975-жылы туулган У.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын мурда бир нече жолу соттолгону жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турары такталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал буга чейин да "Алдамчылык" беренеси менен кармалып, эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде боштулганы, ал кылмыш иши сотко жөнөтүлгөнү маалым болгон. Бирок айыпталуучу У.А. сотко келбей, ага байланыштуу Жайыл райондук соту аны издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан