Биз социалдык тармакта

Бишкек – Ош унаа жолу таш кулап, жабылып калды. ӨКМ жолго чыкпай турууну эскертет

Бүгүн, 23-июнда Бишкек – Ош унаа жолунун 374-375-чакырымында (Жалал-Абад облусунда) катуу жамгырдан улам сел жүрүп, 6 тилкеден таштар кулап, жолду эки тараптуу жаап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, жерине ӨКМдин ыкчам тобу, жарандык коргонуу кызматтары тартылып, жолду ачуу аракети көрүлүүдө. Жеринде 10 куткаруучу, 5 оор инженердик техника тартылып, тазалоо иштери башталды.

Кара-Көл шаардык ЖККБдан 3 экипаж тартылып, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Мындан улам ӨКМ жарандарды 23-24-июнь күндөрү Бишкек – Ош унаа жолуна чыкпай турууну эскертет.

Жол тазалангандан кийин маалымат берилери кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан