Атактуу футболчу Лионель Месси 37ге чыкты. Карьерасы, бала чагы, үй-бүлөсү тууралуу кызыктуу фактылар


Аргентиналык футболчу Лионель Месси бүгүн, 24-июнда туулган күнүн белгилөөдө. Ал 37 жашка толду.

Бала чагы жана футболдук карьерасынын башталышы...

Лео Месси 1987-жылы 24-июнда Аргентинанын Росарио шаарында төрөлгөн. Леонун атасы болот эритүүчү заводдо катардагы жумушчу, ал эми апасы тазалоочу болуп иштеген. Леонун Родриго жана Матиас аттуу эки агасы жана Мария Сол аттуу эжеси бар.

Мессини футболго 5 жашында чоң энеси алып келген. Ал эң алгач футболдук карьерасын "Грандоли" клубунда ойной баштаган. Леонун футболго болгон кызыгуусун үй-бүлөсүндө башка эч ким колдогон эмес. Лео "Грандоли" клубунда эки жыл ойноп, анда команданын машыктыруучусу алгач аны Диего Марадонага салыштырган.

"Барселона" клубу...

2000-жылдын 17-сентябрында Лео Мартин Монтеро жана Фабиан Солдини тарабынан уюштурулган Барселонага сынакка барган. Месси 13 жашта болсо да 15 жаштагы балдар менен ойногон. Клубдун спорттук директору Карлес Рексч Мессинин ойногонуна суктанган.

"Барселона С" жана "Барселона В" жаштар командаларында ойногондон кийин Месси 2004-жылы "Эспаньолго" каршы негизги команда үчүн расмий дебютун жасаган. Лео Ла Лигадагы биринчи голун 17 жашында "Альбасетенин" дарбазасына киргизип, Испания чемпиондугунда гол киргизген эң жаш оюнчу аталды.

Лионель Месси "Барселона" клубунда 18 жыл болуп, көптөгөн командалык жана жеке сыйлыктарды жеңген. Көк гранаттардын бир бөлүгү катары Месси 10 жолу Испания чемпиондугун, жети жолу Испания кубогун, төрт жолу Чемпиондор Лигасын жана үч жолу УЕФАнын Супер кубогуна ээ болгон.

ПСЖ клубу...

2021-жылдын 10-августунда Лионель Месси расмий түрдө франциялык ПСЖга өткөн. Ал Париж клубу менен эки жолу Франция чемпиондугун, 2022-жылы өлкөнүн Суперкубогун жеңип, жетинчи "Алтын тобун" алды.


Аргентиналык футболчу 2022-2023-сезонунун аягында Франция курамасынан кеткен. Жалпысынан футболчу ПСЖ клубунда жалпы 75 беттеш өткөрүп, 32 гол киргизип, 35 пас берген.

"Интер Майами" клубундагы карьерасы...

2023-жылдын 15-июлунда Месси "Интер Майами" клубуна өткөн. 37 жаштагы футболчу америкалык клуб менен 2025-жылдын 31-декабрына чейин келишим түзгөн.


22-июлга караган түнү Месси Лига Кубогунун тайпалык турниринде Круз Азулга каршы беттеште (2:1) "Интер Майами" үчүн дебют жасаган. Беттештин төртүнчү кошулган мүнөтүндө Месси айып соккудан командасына алгачкы голун киргизип, Флорида курамасына жеңиш алып келген.

Леонун америкалык клубдагы маянасы бир мезгилде эле 50-60 миллион еврону түзөт.

Эл аралык карьерасы...

Месси 2005-жылы 4-августта Венгрия менен болгон жолдоштук беттеште негизги команда үчүн дебют жасап, оюн талаасына киргенден эки мүнөттөн кийин оюндан четтетилген.

Лионель үчүн биринчи чоң турнир 2006-жылы өткөн дүйнөлүк чемпиондук болгон. Турнирдин алгачкы беттешинде "Аргентина" Сербия жана Черногория курамалары менен беттешкен. Лео 74-мүнөттө талаага кирип, гол киргизген.

Аргентина курама командасынын курамында Лео 2005-жылы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугун, 2008-жылы Олимпиада оюндарын, 2021-жылы Америка Кубогун жана 2022-жылы Финалиссиманы жеңген. 2014-жылы аргентиналыктар Месси менен бирге дүйнөлүк чемпиондукту жеңүүгө бир кадам калганда Германиянын курама командасына кошумча убакытта утулуп калган.


2022-жылы Катарда өткөн дүйнөлүк чемпиондукта "Аргентина" курамасы эңсеген кубокту жеңип алышкан. Месси өз командасынын жети беттешине катышкан. Анын эсебинде 7 гол жана 3 ассист бар. Ал Дүйнө чемпиондугунун финалында дубль жасап, пенальтилер сериясында сокку узаткан. Жыйынтыгында Месси карьерасында экинчи жолу дүйнөнүн эң мыкты футболчусу сыйлыгын алган. Ага чейин аталган сыйлык 2014-жылы өткөн Дүйнө чемпиондугунда
ыйгарылган.

Акыркы жеңишинен кийин Лео эл аралык карьерасын токтотпой турганын айткан.

Криштиану Роналду болгон менен атаандаштыгы...

Лионель Месси менен Криштиану Роналду эң атактуу футболчулардын катарында.

Лео жети, Роналду беш алтын топко ээ болгон. 2009-жылдан 2018-жылга чейин Месси менен Роналду Испания чемпиондугунда ойноп, Эль-Класиконун алкагында талаада бетме-бет жолугушкан. Месси менен Роналдунун ортосундагы атаандаштык футбол талаасында гана эмес. Алар популярдуу бренддик кийимдер, сааттар жана мотор майларынын жана башка көптөгөн бренддердин жарнамаларына тартылышат.

Месси менен Роналду ар кандай айың-кептер үчүн бири-бирин эч качан жек көрүшкөн эмес. Футбол матчтарында жана башка иш-чараларда футболчулар бири-бири менен дайыма жылуу учурашып турушат.

Үй-бүлөсү...


Лео Месси бала кезинен бери тааныш болгон Антонелла Рокуццог менен баш кошушкан. Алардын Тиаго, Матео жана Чиро аттуу үч уулу бар.

Түгөйлөр 2017-жылдын 30-июнунда үйлөнүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан