Сентябрь айынан баштап дарыгерлердин айлыгы 50 пайызга көбөйөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Ал медайымдардын айлыгына 20 пайыз, ал эми кенже медициналык кызматкерлердикине 10 пайыз кошуларын айтты.
"Сунуш бердик. Азыр президенттин жарлыгы даярдалып жатат. Ошондой эле колдоо катары 1-июлдан тарта айрым категориядагы дарыгерлерге 20 миң сомдон кошумча акы берилет", - деди Исмаилов.