Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясы дзюдочу Эрлан Шеровго батир белек кылууну сунуштады

Бишкек мэриясы дзюдочу Эрлан Шеровго батир белек кылууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору шаардык кеңештин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, токтом долбоору Шеровдун спортту өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен иштелип чыккан.

"Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу, 2023-жылдагы Азия оюндарынын чемпиону Шеров Эрлан Кубанычбековичке Туңгуч кичи районундагы муниципалдык турак жай акысыз негизде менчиктештирүү жолу менен берилсин", - деп жазылган токтомдо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан