
Бишкектин Фучик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 12-кабатынан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ маалымат берди.
Билдирүүгө таянсак, тилсиз жоодон 10 адам куткарылып, 50 адам эвакуацияланган. Өрт саат 14:05те өчүрүлгөн.
Буга чейин аталган көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан өрт чыкканы
маалымдалып, кошумча маалымат берилери айтылган болчу.