Бишкек мэриясы №216 жана №100 автобус каттамдары жарым-жартылай өзгөргөнүн маалымдады.
Мындай чара калаа тургундарынын көп сандаган кайрылууларынын негизинде ишке ашып жатканы белгиленди.
Ага ылайык, №216 автобус каттамы Учкун кичи району, Учкун-9, 117/1 дарегине чейин узартылды. Белгилей кетсек, буга чейин аталган кичи районду №220 кичи автобус каттамы тейлеп келген.
Мындан тышкары жол оңдоо жумуштарына байланыштуу №100 автобус каттамы И. Ахунбаев көчөсүнөн тартып Ж.Пудовкин көчөсү менен А. Масалиев, Ч. Айтматов көчөлөрү боюнча И. Ахунбаев көчөсүнө чейин узартылды.