Жакында Орто-Токой ГЭСин куруу иштери башталат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраев жеринен ГЭСтин курулушун баштоого болгон даярдык иштери менен таанышып чыккан.
"Былтыр март айында "Чакан ГЭС" ААКсы менен Кытай мамлекеттик СНМС (China National Heavy Machinery Corporation) компаниясынын ортосунда долбоорду толугу менен ишке ашыруу жөнүндө келишимге кол коюлган. Келишимге ылайык, толук куруу мөөнөтү 3 жылды түзөт. Курула турган ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 21 МВт болот", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министрлик Ибраев тийиштүү жетекчилерге ГЭСти куруу иштерин баштоо аземин тез арада өткөрүү тапшырмасын бергенин кошумчалады.