Кеминде 968,8 миллион сомдук жер аянты мамлекетке кайтарылды

Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагында өндүрүш багытындагы 106,3 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү иштеринде аталган жер аянты 1991-жылы Ленин атындагы машина куруучу заводуна пайдаланууга берилип кеткени, бирок бүгүнкү күнгө чейин тиешелүү документтери жок болгондуктан муниципалдык менчикке алынбай келгени аныкталган. Ошондой эле завод тарабынан жергиликтүү бюджетке салык, ижара, инвестициялык төлөмдөр төлөнбөй келгени белгилүү болгон.

"Аталган мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө прокуратура тарабынан келтирилген актынын негизинде жалпы нарктык баасы 968 миллион 827 миң сомду түзгөн жер тилкеси толугу менен мамлекеттик баланска алынды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан