Биз социалдык тармакта

Айрым аймактарда жаан жаайт. 25-июнга карата аба ырайы

Эртең, 25-июнда өлкө аймактарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматында жазылат.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35,

Таласта түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26,

Нарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24.

Бишкекте түнкүсүн +19…+21, күндүз +32…+34 градус ысык болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан