Биз социалдык тармакта

Курманжан датка көчөсү жарым-жартылай жабылат

Учурда «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы тарабынан Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан жылуулук тармагынын тилкесинде авариялык калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул боюнча мэрия билдирди.

Ага ылайык, оңдоо иштери бүгүн, 24-июнда башталган жана эки жумага созулат.

Жылуулук тармагын оңдоо Курманжан датка көчөсүндө Чүй проспектиси менен Огонбаев көчөсүнүн ортосунда жана Фрунзе менен Салиева көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө жүргүзүлөт. Буга байланыштуу Курманжан датка көчөсүндө унаа кыймылы жарым-жартылай чектелет.

Эскерте кетсек, жылуулук тармагынын бул участоктору 1984-жылы ишке киргизилип, эксплуатациялык мөөнөтүнөн ашып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан