Ош шаарындагы Чкалов көчөсү Р.Абдыкадыров көчөсүнөн баштап Г.Айтиев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө жана Моминова көчөсү менен кесилишине жаңыдан асфальт төшөлүп, толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу кечээ, 24-июнда Ош мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жолдун кеңдиги 7 метрди түзүп, тротуар жана ирригациялык тармактары кошо курулган.
Ага ылайык, аталган көчө пайдаланууга тапшырылды.