Балбан Нурсадык Нурдинов Азия чемпиону болду

Өлкөнүн жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча (U 17) курама командасынын мүчөсү Нурсадык Нурдинов Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Иорданиянын борбору Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда алтын медаль тагынган.

Спортчу 65 килограммга чейинки салмак чен бирдигинде катышып, жалпы 4 беттеш өткөргөн. Алгачкы кармашында ирактык Ахмед Меранды 12:2 эсебинде, чейрек финалда монголиялык Тугулдур Баттурду 10:0 эсебинде, жарым финалда коңшу казакстандык Бакдаулет Акимжанды 13:2 эсебинде артта калтырган. Ал эми финалдык беттеште Омкар Бабасахеб Каткар аттуу индиялык спортчуну жеңип алган.

Департамент 22-июнь күнү башталган жаштар арасындагы турнир 30-июнда жыйынтыкталарын кошумчалады.

25.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан