"Евро-2024": Дагы үч өлкө мөөнөтүнөн мурда плей-оффко чыкты

Англия, Франция жана Нидерланды курама командалары футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/8 финалына мөөнөтүнөн мурда чыгышты.

Өз тайпаларында биринчи жана экинчи орунду алган командалар, ошондой эле үчүнчү орунду алган төрт мыкты команда 1/8 финалга чыгышат. Бүгүн, 25-июнга караган түнү “В” тайпасында оюндар толук аяктады. Анда биринчи орунду Испания курамасы ээледи (9 упай), 4 упай топтогон Италия тайпада экинчи орунду ээледи. Үчүнчү орунда Хорватия курамасы турат, бул курама 2 гана упай топтогон. Бирок, плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап калууда. Ал эми эң акыркы орунду албандар 1 упай менен ээлеп, турнир менен коштошту.

Бул Англия, Франция жана Нидерланды курама командалары кандай болгон күндө да плей-оффко чыгышат дегенди билдирет. Аларда азыр 4төн упай бар. Үч команда тең мындан ары өз тайпаларында үчүнчү орундан ылдый түшпөйт.

Буга чейин 1/8 финалга Германия, Швейцария, Португалия, Испания жана Италия курама командалары өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан