Биз социалдык тармакта

Министрлик кыргызстандыктарды Израиль менен Ливанга барбай турууга чакырды

Израиль-Ливан чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу министрлик кыргыз жарандарына аталган өлкөлөргө барбай туруусун билдирди.

Ага ылайык, Ливан жана Израилде жашаган Кыргыз жарандарына кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүсүн белгилейт.

"Министрлик белгиленген өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз жарандары Кыргызстандын Кувейттеги Элчилигинин +96525359951, Кыргызстандын Түркиядагы Элчилигинин +905456896800, Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин +996 999 312002 ишеним телефондоруна зарыл учурда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышарын билдирет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан