Компаньон Банкы онлайн кредиттер боюнча чендердин төмөндөшү жөнүндө жарыялайт! 25-июндан 28-июнга чейин Компаньон тиркемесинде сом менен жылдык 22,5%га чейин кредит алууга болот. Ыңгайлуу шарттарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!
Болгону 5 мүнөттүн ичинде 200 миң сомго чейин онлайн кредит ала аласыз.
«Компаньон» мобилдик тиркемесинде аралыктан идентификациядан өткөн колдонуучулар 15 миң сомго чейин кредит ала алышат. Ал эми Банктын бөлүмдөрүнүн биринде толук идентификациядан өткөн «Компаньон» мобилдик тиркемесинин колдонуучулары Банктан кайталап кредит алган кардарлар - 200 миң сомго чейин жана Банктын жаңы кардарлары - 100 миң сомго чейин кредиттерди ала алышат.
Нускама: үйдөн чыкпай туруп кантип кредит алууга болот
Кредит бекитилгенден кийин каражат 5 мүнөт ичинде «Компаньон» мобилдик тиркемесинин балансына чегерилет.
Кредитти «Компаньон» мобилдик тиркемесинин өзүнөн, ошондой эле төлөм терминалдары, башка банктардын мобилдик тиркемелери жана Кыргызстандын мобилдик операторлорунун тиркемелери аркылуу төлөөгө болот. Эгер кредитти мөөнөтүнөн эртерээк төлөгүңүз келсе, ал үчүн эч кандай айып пул алынбайт.
Алынган акча каражаттарын банктын офистеринен же «Компаньон Банкынын» агенттери аркылуу чыгарып алууга болот. Эгер Компаньон Банкынын картасын алсаңыз, анда акча каражаттарын өлкөнүн каалаган банкоматтарынан акысыз чыгарып ала аласыз. Айтмакчы, сиз төлөм картаны жеткирүүгө толугу менен акысыз заказ берсеңиз болот, курьерлер Visa Gold картасын түздөн-түз үйүңүзгө жеткиришет.
Толугураак маалыматты расмий сайттан же Кардарларды колдоо кызматынан 88 00 номери аркылуу (уюлдук операторлордон чалуулар акысыз) же WhatsApp’ тан 0 770 33 88 00 номери аркылуу алууга болот.