9 жыл мурун Баткенде миллион долларды карактаганга шектүү Варшавадан экстрадицияланды

Каракчылык кылмыш иши менен айыпталган жаран Польшадан алынып келинди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Андагы маалыматка ылайык, Польшанын ыйгарым укуктуу органдарынын жана Кыргызстандын Польшадагы ардактуу консулу Януш Кшивашинскийдин көмөгү менен Кызыл-Кыя шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын өндүрүшүндөгү өзгөчө ири өлчөмдө каракчылык кылмыш иши менен айыпталган А.М. аттуу Кыргыз жараны Варшавадан Бишкекке экстрадицияланган.
"Белгилей кетсек, 2015-жылы Баткен облусунун аймагында А.М. аттуу жаран башка шериктери менен бирге Ы.Ж. аттуу жарандын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген зомбулук менен коштолгон кол салып, 1 миллион 30 миң доллары же 62 миллион 170 миң 800 сом акча каражатын каракчылык менен ээлеп алышкан.
Учурда аталган жаран кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди", - деп жазылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан