Араванда Украинага барып согушуп келген жаран беш жылга эркинен ажыратылды

10-майда Ош облусунун Араван райондук соту орусиялык аскерлердин катарында Украинадагы согушка катышкан деп айыпталган Кыргызстандын жараны М.К.у.ну беш жылга эркинен ажыратты. Бул туурасында бүгүн, 25-июнда Ош облустук сотунун маалымат кызматы SUPER.KG порталына тастыктады.

Маалымдалгандай, ал Кылымыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген.

Бирок соттун маалымат кызматы белгилегендей, “Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу” мунапыс жөнүндө мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасынын өтөлө элек мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгү кыскартылган. Бөгөт коюу чарасы өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз-камактагы бойдон калтырылган.

Айыпталуучу М.К.у. Ош облустук сотуна апелляциялык арыз жазып кайрылган, учурда соттук кароо стадиясында экендиги маалыматта белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан