Орусияда iPhone колдонууга тыюу салынышы мүмкүн

Орус парламенти өлкөдө RuStore тиркеме дүкөнүн колдонуу мүмкүнчүлүгү жок смартфон жана планшеттерди сатууга тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоорун карайт. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.

"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган документ палатанын электрондук базасына 24-июнда жарыяланды.

Документтин маалымкат-негиздемесинде "техникалык жактан татаал товарлардын айрым түрлөрүн" сатууга алардын операциялык системалары RuStore орнотууга уруксат бергенде гана жол берилери айтылат. Ошондой эле орус тиркемелер дүкөнү аркылуу банктык төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн тактайт.

RuStore Android платформасындагы түзмөктөргө орнотуу үчүн жеткиликтүү, бирок бир катар башка системалар, анын ичинде Apple платформасы Google Play жана App Store’дун орусиялык аналогун орнотууга уруксат бербейт.

Демилгечилер Apple "Rustore жүктөөсүнө жол бербеген тыюу салуучу шарттарды түзүүнү" улантып жатканына нааразы. Мыйзам долбоорунун авторлору - депутаттар Андрей Клишас, Антон Горелкин, Ирина Рукавишникова жана Артем Шейкин.

Мамлекеттик Думанын депутаты Антон Горелкиндин айтымында, долбоор парламентарийлердин кароосуна “iPhone телефондоруна толук тыюу салуу” үчүн эмес, алар RuStore орнотууга уруксат мүмкүн болушунча тезирээк бериши үчүн жиберилген. Парламентарий "Орусия iPhone телефонуна тыюу салуу чечимин кабыл алууда" деген айыптоолорду туура эмес деп атады.

"Менин билишимче, RuStore'дун iOS версиясы иштелип чыккан жана биздин мыйзам күчүнө киргенден кийинки күнү Apple платформасында пайда болушу мүмкүн. Бирок биз Apple компаниясына бул талаптарды аткаруу үчүн бир аз убакыт керек экенин түшүнөбүз, андыктан мыйзам долбоору 2025-жылдын 1-сентябрында күчүнө кирет деп пландап жатабыз", - деп жазды депутат өзүнүн Telegram каналында.

Горелкиндин айтымында, мыйзам долбоорунун авторлору Apple аларды жарым жолдо токтотуп каларына ишенишет.

Бул демилгени парламенттин төмөнкү палатасы, андан кийин Федерация кеңеши, акырында президент жактырса, ал 2025-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кириши мүмкүн деп күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын май айында орус тиркемелер дүкөнү - RuStore, Android түзмөктөрү үчүн ишке киргизилген. Бул бир катар орусиялык банктар батыштын тиркеме дүкөндөрүнөн алынып салынгандан кийин болду. Алар 2022-жылдын февралында Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу эл аралык санкцияларга дуушар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан