Таласта бир тууган агасын өлтүрүүгө шектелип 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-июнда милицияга Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылынын 1999-жылы туулган М.Ж. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал 21-июнь күнү бир тууган байкеси, 1994-жылы туулган М.К. үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Аталган арыз каттоого алынып, издөө иштери жүргүзүлө баштаган. Натыйжада, 24-июнь күнү болжол менен саат 18:30 чамасында анын жансыз денеси өзү жашаган үйдүн аймагындагы сарайдын жер төлөсүнөн табылган. Изделип жаткан жаран киши колдуу болуп каза болгону аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүмүнө (Адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катары маркумдун бир тууган иниси М.Ж. суракка алынып, убактылуу кармоочу жайга камалган.
"Учурда тийиштүү соттук экспертизалар дайындалды. Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.