Биз социалдык тармакта

Бишкектин бир конушунда таза суу убактылуу өчүрүлөт

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы Чоң-Курган көчөсүндөгү Д-300 миллиметр шаардык суу түтүгүнө кошуу иштерин жүргүзүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Бишкек мэриясынан билдирди.

Ага ылайык, 27-июнда Красный строитель конушунда саат 10:00дөн 18:00гө чейин таза суу берүү убактылуу токтотулат.

"Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, ишканаларды, мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди, ошондой эле калкты өчүрүү мезгилине ичүүчү суу камдап алууларын суранат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан