Өлкөдө мугалимдер эмгек өргүүсүн 1-июндан тарта ала башташты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында жазылат.
Белгиленгендей, мугалимдердин жана билим берүүнүн башка кызматкерлерине эмгек өргүүсүн төлөөгө бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 7 миллиард сомду түздү.
Июнь айынын эмгек өргүүлөрү жана эмгек акылары мектептердин эсептөө счетторуна 11-июнда которулган. Ага ылайык:
- Бишкек шаарында кыргыз тили мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 102 миң сомду түзүп, колуна 82 миң сом алды.
- Ош шаарында физика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 101 миң сомду түзүп, колуна 81 миң сом алды.
- Аламүдүн районунда орус тили мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 143 миң сомду түзүп, колуна 115 миң сом алды.
- Ат-Башы районунда мугалимдин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 94 миң сомду түзүп, колуна 77 миң сом алды.
- Москва районунда математика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 104 миң сомду түзүп, колуна 84 миң сом алды.