Биз социалдык тармакта

Чүйдө мыйзамсыз иштеп жүргөн 45 чет элдик депортацияланат

Чүй облусундагы тоок фабрикасында мыйзамсыз иштеп жүргөн 45 чет өлкөлүк жаран аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, эмгек мигранттарынын 12си Пакистандын, 33ү Бангладештин жарандары. Алар визасынын мөөнөтү өтүп кеткендигине карабастан өлкөдө мыйзамсыз иштеп жүрүшкөн.

"Тартип бузгандар Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп, андан соң өлкө чегинен тышкары депортацияланат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан