Футбол боюнча жаштар курамасынын машыгуулары Жалал-Абадда өтөт

Бүгүн, 25-июнь күнү Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы окуу-машыгуу жыйынын өткөрүү үчүн Жалал-Абад шаарына барды. Бул туурасында Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.

Маалымдалгандай, оюндарга даярдык көрүү максатында чогулган команданын окуу-машыгуу жыйыны «Барселона» футбол академиясынын базасында орун алат.

Айта кетсек, 2024-жылкы U-20 жаштар курамалары арасындагы Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын чемпиондугунда чүчү-кулак тартылган. Жаштар курамасы «А» тайпасында Тажикстан жана Ооганстан командалары менен беттешет. 5, 7, 9-июль күндөрү тайпалык оюндар орун алса, 11-12-июль күндөрү финалдык беттештер өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан