Ноокенде 3,76 гектар жерди менчикке сатып жибергенге шектүү кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул туурасында бүгүн, 25-июнда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалымдалгандай, Ноокен айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары пайда көрүү максатында мыйзамсыз токтомдорду кабыл алышып, айыл чарба багытындагы жерлерди жеке менчикке сатып жиберишкен.
Натыйжада, жогорудагы кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам, айыл чарба багытындагы 3,76 гектар жер жарандарга мыйзамсыз өтүп кеткени айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.