Франция курама командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе Европа чемпиондугунун тайпалык этабынын 3-турунун алкагында Польша менен болгон беттеште негизги курамда талаага чыгат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
25 жаштагы чабуулчу Австрия менен болгон оюнда кагылышуудан кийин мурду канжалаган бойдон талааны таштап кеткен. Кийинчерээк ал ооруканага жеткирилип, мурду сынганы белгилүү болгон.
Анын Европа чемпиондугундагы тагдыры коркунучта болуп, ойнобой калуусу айтылып жаткан. Бирок ал үчүн атайын бет кап жасалып, турнирге кайтып келген. Нидерланды менен болгон оюнда ал алмашууда отурган.
Франция-Польша беттеши бүгүн, 25-июнда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат. Оюн Дортмунд шаарындагы "Сигнал Идуна Парк" стадионунда өтөт.