Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги өлкө аймагында 6 жаңы мал базар курулуп жатканын билдирди.
Ага ылайык, Кочкордо 1, Лейлекте 1, Ноокенде 1, Сокулукта 1, Кадамжайда 2 объект курулуп жатат. Жакынкы күндөрү курулуш иштери аяктап, ишке берилет.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республика боюнча 44 мал базар ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген мал базарлардын саны 15ти түзөт. Ал эми 29 мал базарда райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктардын берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде талаптарга ылайык келтирүү боюнча оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.