Биз социалдык тармакта

Борбор калаада жол белгилерин жаңылоо иштери кызуу жүрүүдө

Бишкекте жол белгилерин жаңылоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бүгүн, 25-июнда Ч.Айтматов проспектисинин боюндагы Ажыбек баатыр көчөсүнөн Түштүк магистралга чейинки, Абдымомунов жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктү жаңылоо иштери жүрдү.
Эми Т.Усубалиев атындагы аянттагы жол белгилерин жаңылоо пландалып жатканын мэриядан билдиришти. Ага ылайык, Баялинов көчөсүн бойлото Жаш Гвардия бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейин катуу, үзүлгөн, чекиттүү сызыктарды жана жөө адамдар өтүүчү өтмөктү жаңылоо иштери аяктады.
Ушундай эле жумуштар Эркиндик бульвары боюнча Абдымомунов көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин, Москва көчөсү менен Манас проспектисинен Бейшеналиева көчөсүнө чейин бүткөрүлдү.
Капиталдык оңдоодон кийин Ахунбаев көчөсүндө Малдыбаев көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки жол сызыктары жаңыртылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан