Биз социалдык тармакта

Жол инспекторлору ооруп жаткан адамга жардам көрсөттү (видео)

Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери ооруп жаткан жаранга жардам көрсөтүштү. Окуя кечээ, 25-июнда саат 22:10 чамаларында болгон.
Анда Алмата-Бишкек-Ташкент унаа жолунун 233-чакырымында Ниссан Марч үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол инспекторлорунан жардам сураган.
Себеби жолдо жарандын жүрөгү ооруп, оор акыбалда болгон. Ошол замат кызматкерлер жаранга биринчи жардам көрсөтүп, Чүй облусунун ооруканасына коштоо менен жеткиришкен.
Өз кезегинде айдоочу кызматкерлердин ыкчам аракетине ыраазычылык билдирген.

26.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан