Америкалык ырчы, актриса Ариана Гранде 31 жашка толду. Өмүр баяны, жеке жашоосу, карьерасы...

Бүгүн, 26-июнда америкалык ырчы, актриса Ариана Гранде туулган күнүн белгилөөдө. Ал быйыл 31 жашка чыкты.

Өмүр баяны

Ариана Гранде - өзгөчө үн тембрине ээ болгон америкалык ырчы жана актриса. Жаш болгонуна карабай, дүйнө жүзү боюнча миңдеген өспүрүм күйөрмандарынын жүрөгүн багынта алган. Профессионалдуу карьерасын бала кезинен Nickelodeon каналында баштап, азыр альбом жаздырып, тасмаларда, сериалдарда жана театрда ойнойт.

Балалыгы

Ал 1993-жылы Флорида штатынын чыгыш жээгиндеги Бока Ратон шаарында төрөлгөн. Ата-энеси Жоан Гранде менен Эдвард Бутера балдарын жаш чагынан эле искусствого болгон сүйүүсүн арттырышкан. Ариананын агасы Фрэнки ийгиликтүү актёр жана продюсер болгон.


Ата-энеси кызды Little Palm театрынын музыкалык театрына жибергенде Ариана төрт жашка чыга элек болчу. Ал эми ал 4 жылдан кийин ал АКШнын гимнин ырдап, теледе биринчи дебютун жасаган. Бул мезгилде Ариана "Энни" мюзиклинде, кийинчерээк "Оз сыйкырчысы" жана "Сулуу жана жырткыч" спектаклдеринде биринчи ролун жараткан.

13 жашында музыкалык карьерасы жөнүндө олуттуу ойлонуп, белгилүү Голливуд мугалими Эрик Ветро менен вокалын өркүндөтө баштаган. Эрик көптөгөн америкалык жылдыздарды - Пинк, Кэти Перри жана Жейсон Дерулону окуткан.

Карьерасынын башталышы

Ал 2007-жылы Лос-Анжелеске учуп, менеджерлер менен жолугуп, R&B альбомун жазгысы келгенин билдирген. Ал четке кагылып, андан кийин Ариана актёрлукка кайтып келип, 2008-жылы Жейсон Роберт Браундун "13 Бродвей" мюзиклиндеги Шарлоттанын ролуна кастингден ийгиликтүү өткөн. Гранденин актёрдук дебюту сынчылар тарабынан жогору бааланып, ага Улуттук жаштар театрынын ассоциациясынын сыйлыгы ыйгарылган.

Ариананын ийгиликтүү дебюту режиссёрлордун жана кастинг продюсерлеринин көңүлүн бурган. 2010-жылы ал Nickelodeon каналында Дэн Шнайдер режиссёрлук кылган "Виктория-жеңүүчү" телесериалында роль жараткан.

Музыка индустриясы көптөн бери Ариананы өзүнө тартып, ошол эле жылы 18 жаштагы актриса "Put Your Hearts Up" аттуу дебюттук альбомун чыгарды. Эң кыска убакыттын ичинде көптөгөн күйөрмандарын жыйнап, америкадагы жаштардын арасында укмуштуудай популярдуулукка ээ болдугон.

2015-жылдын башында Ариана "My Everything" аттуу кийинки альбомун колдоо максатында дүйнөлүк турнеге чыккан. Эң алгачкы 25 концертте эле Гранде 14 миллион доллардан ашык киреше тапкан.

2019-жылы Ариана Гранденин "Sweetener" ыры калыстар тобунун чечими боюнча "Мыкты вокалдык альбому" деп табылып, Грэмми сыйлыгын алды. Ошол эле жылы ырчы Coachella фестивалында Никки Минаж жана Жастин Бибер менен бир нече композицияларды аткарган.

Жеке жашоосу

2020-жылы Ариана Жастин Бибер менен "Stuck with U" аттуу биргелешкен видеосун жарыялаган. Кээ бир кадрларда анын күйөрмандары риэлтор Далтон Гомес менен мамилесин байкашкан. Айрым басылмалар алардын романтикалык мамилеси бир топ убакыттан бери уланып жатканын жазышкан.


2021-жылдын 15-майында Ариана менен Далтон баш кошушкан. Алардын тою чакан форматта өткөн. Ариана менен Далтондун никеси эки жылга чейин эле созулуп, 2023-жылдын июль айында ажырашып жатканы белгилүү болгон.

Алар пикир келишпестиктен улам ажырашкан. Бирок бир нече убакыт бою эски сезимдерин калыбына келтирүүгө аракет кылышып, акырында алар достук мамилени сактап, ажырашууну чечишкен.

Ариана учурда...

2021-жылы Ариана "The Voice" программасында калыстар тобунун жаңы мүчөсү болгон. Анын аталган программадагы төлөнүүчү гонорары 20-25 миллион долларды түзгөн. Ариана "The Voice" телекөрсөтүүсүндөгү эң көп төлөнүүчү калыстар тобунун мүчөсү болгон.

Ал 2024-жылдын ноябрь айында премьерасы пландалып жаткан Жон Чунун "Каардуу: Биринчи бөлүк" мюзиклинде негизги ролдордун бири болгон боорукер желмогуз Глинданын ролун жаратмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан