Чехиялык ММА мушкери Лукас Буковаз "Clash of the Stars" турниринде атаандашына жеңилип, беттештен кийин эле сүйлөшкөн кызынын колун октагондо сурап, туңгуюкка кептелди.
Тагыраагы, жеңилүүдөн кийин мушкер октагондо сүйлөшкөн кызынын колун тизелеп отуруп сурады. Бирок кыз буга капалуу реакция жасаган.
"Экөөбүздүн ортобузда болгон окуялардан кийин бул жакшы идея эмес деп ойлойм. Мен сунушуңа "жок" дейм", - деди кыз микрофонго.
Андан кийин кыз мушкер анын көзүнө чөп салганын айтып, башка кыздын ысымын атады.
Өз кезегинде мушкер кыздын көзүнө чөп салбаганын, ал муну кылса жашырмак эместигин айткан.