Кыргызстанда акыркы суткада 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
Бишкек шаарында – 3;
Ош облусунда – 1;
Чүй облусунда – 5;
Жалал-Абад облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 1;
Нарын облусунда – 1;
Талас облусунда – 1;
Баткен облусунда – 2.
Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 18 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Кырсыктан жабыркагандар жок.