Каракол шаарында тоноочулукка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Ысык-Көл облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, июнь айынын ортосунда милицияга Теплоключенка айылынын 18 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 24-апрелде шаардагы сейил бакта Амаль жана Станислав аттуу эки чала тааныш жигит коркутуп, Айфон 13 уюлдук телефонун тартып алышкан. Кийинчерээк, 14-июнда ошол эле балдар коркутуу жолу менен бул жолу дагы бир "Редми" телефонун ээлеп алышкан. Материалдык чыгым 75 миң 500 сомду түзгөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, шектүү катары Каракол шаарынын 19 жаштагы тургундары А.А. жана Е.С. кармалган.
Шаардык соттун чечими менен шектүүлөр эки айга камакка алынды.
Учурда тергөө амалдары уланууда.