Аткезчилик жол менен товар алып өтүүгө шектелген жаран кармалды

Аткезчилик жол менен товар алып өтүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлады.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына "Ак-Тилек", "Ак-Жол" жана "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу ташылып келинген товарларга жүк коштоочу документтерди жасалмалоо фактысы аныкталды.

"Алынган маалыматтарга, ошондой эле социалдык тармактарда жарыяланган журналисттик иликтөөлөргө ылайык, чек ара пункттары аркылуу Кыргызстандын аймагына товарларды ташып келүүдө коррупциялык көрүнүштөр орун алып, анда кыргыз жараны А.Т. жыгач материалдарынын иш жүзүндөгү наркын жана санын төмөндөтүү жолу менен, ишкердик субъекттеринин айрым өкүлдөрү менен биргеликте тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында, Кыргызстанга товарларды импорттоо үчүн негиз болуп саналган ЕАЭБдин токтому менен белгиленген эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагаздарын жасалмалоо менен алектенген", - деп айтылат билдирүүдө.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында, 21-июнда А.Т. кармалып, Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан