Спорт мектебинин окуучулары оор атлетика боюнча Борбор Азия чемпиондугунда медалдарга ээ болушту

Оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары оор атлетика боюнча Борбор Азия чемпиондугунда медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, мелдеш 20-июндан 24-июнга чейин Өзбекстандын Чирчик шаарында өттү.

"Иш-чаранын максаты - Борбор Азия өлкөлөрүнүн спортчуларынын ортосундагы достукту чыңдоо, жаштарды системалуу оор атлетикага тартуу жана спорттук чеберчиликти жогорулатуу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Турнирдин жыйынтыгынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери:

Баяна Догдурбекова – 3-орун (59 килограмм);

Анисия Байгачева – 2-орун (64 килограмм);

Жамиля Жеңишбек – 3-орун (71 килограмм);

Агата Байгачева – 3-орун (+71 килограмм);

Арсен Өмүржанов – 2-орун (61 килограмм).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан