УКМК “Йакын инкар” диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрү аталган уюмдун идеологиясынан баш тартышканын кабарлады.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Баткен, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя, Баткен шаарларында "Йакын инкар" диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнө карата бир катар тинтүү иштери жүргүзүлдү.
Анда 1983-жылы туулган И.А. аттуу экстремисттик топтун лидери жана "Йакын инкар" диний-экстремисттик кыймылынын 9 мүчөсү кармалды.
Кадамжай райондук сотунун чечими менен И.А. жана анын жакын өнөктөшү И.К. күнөөлүү деп табылып, өкүм чыгарылды. Ал эми "Йакын инкар" диний-экстремисттик кыймылынын калган мүчөлөрүнө карата кылмыш иштери өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, учурда тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары аталган кыймылдын 12 мүчөсүнө УКМК тарабынан расмий эскертүүлөр берилип, жыйынтыгында алар "Йакын инкар" ДЭКтин радикалдык-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүшүп, мындан ары бул тыюу салынган уюмга мүчө болуудан ыктыярдуу түрдө баш тартышты.
УКМК ар кандай радикалдык-экстремисттик уюмдардын жактоочуларынын кылмыштуу аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле алардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.