Бүгүн, 26-июнга караган түнү Чолпон-Ата шаарында МАИ унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түнкү саат 01:10 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 77-чакырымынан, тактап айтканда, Чолпон-Ата шаарынын ичинен Toyota Land Cruiser-200 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу күн чыгыштан батышты карай бара жатып, Чолпон-Ата шаарынын ичинде кызмат өтөп жүргөн кайгуул кызматынын Рено Логан үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшкөн.
Натыйжада Рено Логан үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан айдоочу Нияз Эшенкулов жана кызматкер Бактияр Маразыков ар кандай жаракаттарды алып, Ысык-Көл райондук ооруканасына жаткырылган.