Биз социалдык тармакта

Таласта Тараз-Покровка-Кайыңды унаа жолуна асфальт төшөлүүдө   

Талас облусуна караштуу Тараз-Покровка-Кайыңды унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеринде "Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №48 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.

Ошондой эле быйыл аталган жолдун 3 чакырымын оңдоо каралып, бүгүнкү күндө бир чакырым аралыкка асфальт жаткырылды.

Белгилей кетсек, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан