Талас шаарында мыйзамсыз берилип кеткен 4 миллион сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында бүгүн, 26-июнда Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Талас шаардык филиалында прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында, шаардык мэриянын 2006-жылдагы жасалма токтому менен мыйзамсыз түрдө төрт жаранга 0,60 гектар жер тилкелери берилип кеткендиги аныкталган.
“Жалпы суммасы 4 миллион 10 миң сомдук 0,24 гектар жер тилкеси Талас шаардык мэриясына кайтарылды”, - деп айтылат маалыматта.