Эртең, 27-июнда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Ал эми күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,
Талас облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +34…+37,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,
Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30.
Бишкекте шаарында түнкүсүн +21…+23, күндүз +36…+38 градус ысык.