Биз социалдык тармакта

Көл жээкте дайынсыз жоголгон Казакстандын жаранын милиция түнкү үчтө айылдын четинен тапты

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон Казакстандын жаранын апасына кайтарып беришти. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-июнда Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө Казакстандын жараны Шугылы Сейсенова кайрылып, ден соолугунан 1-топтогу майыптыгы бар 25 жаштагы уулу Шарип дайынсыз жоголгонун билдирген. Анын айтымында, ошол күнү алар Жеңиш айылынын жанындагы көл жээгиндеги балдар реабилитациялык борборунда дарыланып жатышкан. Кечинде саат болжол менен 21:30 чамасында Шарип көл жээкке чыккан бойдон дайынсыз кеткен.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам жүргүзүлгөн иштеринин натыйжасында, түнкү саат 03:00 чамасында дайынсыз жоголгон Казакстандын жараны коңшу Ак-Терек айылынын жанынан табылган.

Кубанычтан көз жашын тыя албаган эне милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан