Чүйдүн Жайыл районунун аймагында "Унаа каражаттарын издөө" аталышындагы рейд жүрүүдө. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, облус аймагында 5 ай ичинде унаа кырсыктары болгон жерден из жашырып кеткен айдоочулардын катышуусунда 4 жол кырсыгы катталган.
"Буга байланыштуу Жайыл районунун аймагындагы унаа каражаттарын оңдоо-түздөө (СТО) иштери менен алектенген жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Аларга унааларды оңдоо-түздөөдө маалымдамасы (справка) жок кабыл албоо боюнча айтылды", - деп билдирди мекеме.