Биз социалдык тармакта

Бишкекте мектептер жана бала бакчалар оңдолууда

Бишкек мэриясынын тиешелүү кызматкерлери мектептердеги оңдоп-түзөө иштерин көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, мектептерде жана бала бакчаларда жылуулук системасынын түтүктөрүн, электр системаларын алмаштыруу, спорт залдарды, жуунуучу бөлмөлөрдү оңдоо, терезелерди алмаштыруу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ага ылайык, оңдоо иштери аяктаганга чейин текшерүүлөр уланат.

"Бардык билим берүү мекемелери жаңы окуу жылына даяр болушу балдарды окутуу жана тарбиялоо үчүн ыңгайлуу, коопсуз шарттарды камсыздай алышы маанилүү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан