
Оштогу Сулайман-Тоонун аймагында куураган чөптөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Билдирмеге ылайык, бүгүн, 26-июнда Сулайман-Тоонун аймагында куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылып, учурда өрт толук өчүрүлдү.