Бүгүн, 26-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 781 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКсынын жаңыланган маалыматында көрсөтүлөт.
Учурда суунун агып кирүүсү секундасына 1008 метр кубду, ал эми суунун агып чыгышы 460 метр кубду түзүүдө.
Мекеменин маалыматына ылайык, былтыр, 2023-жылы 26-июнда 10 миллиард 27 миллион куб метр суу топтолгон.