Якутияда “Азия балдары” эл аралык спорт оюндарынын ачылышы болду (сүрөт)

Бүгүн, 26-июнда Якутск шаарында (Саха Республикасы) VIII “Азия балдары” эл аралык спорт оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Ага Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев жана Орусиянын спорт министри Михаил Дегтярев катышты.

Ачылыш аземде өлкөлөрдүн парады болуп, Кыргызстандын желегин дзюдо боюнча өлкө чемпиону жана Европа кубогунун коло байге ээси Марсель Түмөнбаев көтөрүп чыкты.

Дене тарбия жана спорт департаменти Кыргызстандын атынан 180 спортчу 22 спорттун түрүнөн катышып жатканын билдирди. Жалпы мелдеште 25 өлкөдөн 3000ден ашык спортчу 24 спорттун түрүнөн күч сынашат. 26-июнда башталган мелдеш 7-июлда аяктайт.

Эске салсак, “Азия балдары” эл аралык спорт оюндары 1996-жылдан бери 4 жылда бир өткөрүлүп келет. Оюндар Саха (Якутия) Республикасынын биринчи президенти Михаил Николаевдин демилгеси менен заманбап олимпиадалык кыймылдын 100 жылдыгына карата уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан