Ош шаарындагы Жибек-Жолу аймактык башкармалыгында 625 орундуу, Ирригатор көчөсүндөгү 275 орундуу эки мектеп 2016-жылы башталып, курулушу бүтпөй токтоп турган. Учурда иш жанданып, ушул жылы ишке берилет. Бул туурасында кечээ, 26-июнда мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, алар менен катар 225 орундуу Мээркан айылындагы, 700 орундуу Терешкова атындагы жатак мектебинин курулушу жаз айында башталган.
Социалдык объектилердин курулуш иштери менен шаар мэри Бакытбек Жетигенов кабар алып, жеринен көрүп чыкты. Ал аталган билим берүү мекемелерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөтүндө бүткөрүп, пайдаланууга тапшыруу талабын койду.