Жапониянын Фудзи тоосунан үч адамдын жансыз денеси табылды

Жапониянын Фудзи тоосунан 3 адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, Токио шаарынын тургуну полицияга кайрылып, Фудзи тоосуна чыгып кеткен жолдошу менен байланыша албай жатканын билдирген. Полиция кызматкерлери аны издөө иштерине чыгып, жергиликтүү жапондун жана дагы 2 адамдын жансыз денесин табышкан. Алардын баары альпинисттер болгон деп болжолдонууда.

Айрым чет элдик басылмалар аталган тоодон дагы бир, төртүнчү адамдын сөөгү табылганын жазышууда.

Маалымат үчүн: Фудзи тоосу - Жапониядагы эң бийик тоо. Анын бийиктиги 3776 метр. Туристтерди өзүнүн кооздугу менен тарткан тоо ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан