Кыргыз Республикасынын Эл артисти Эгемберди Бекболиев Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси кызмат ордуна эмгек келишимдин негизинде дайындалды. Бул тууралуу кечээ, 26-июнда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ал 1955-жылы 20-майда, Чүй облусунун, Панфилов районуна караштуу Букара айылында туулган.
1989-1994-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун – театр жана кино артисти адистигин бүтүргөн.
1976-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз улуттук академиялык драма театрында – артист, сахнанын жетектөөчү мастери болуп эмгектенип келген.